Бул тууралуу Бишкектеги Ленин райондук социалдык өнүктүрүү Башкармалыгынын жетекчиси Ажар Мамбетсеитова билдирди.
Айтымында, учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө. Ошондуктан, ымыркай азырынча ымыркайлардын атайылыштырылган үйүндө багылууда.
«Азырынча укук коргоо кызматтары бизге эч кандай корутунду бере элек. Эненин бул ишке атайын барганы же башка себептери болгонун биле элекпиз. Эгер келинди соттоп жиберишсе, биринчи кезекте ал келиндин туугандары менен иштешебиз. Бирок, энелик укуктан ажыратуу боюнча документтер берилсе керек. Корутундуну күтүп жатабыз», - деди Мамбетсеитова.
Бишкек ШИИБинен билдиришкендей, учурда иш Ленин сотунда турат.
Эске салсак, 31-июлда Ленин райондук ИИБине «Арча Бешик» конушундагы үйлөрдүн бириндеги дааратканадан ымыркай табылганы тууралуу кабар келип түшкөн.
Факт боюнча КР Кылмыш кодексинин 28-беренеси – эненин ымыркайды өлтүрүүгө аракет жасоосу – боюнча клымыш иши козголгон. Кийинчерээк баланын энеси табылган. Ал 1995-жылы Нарын облусунда туулган, ошол убакта «Арча Бешикте» жашап турган Б.Ж. аттуу жаран болуп чыккан.