Тажикстандын оппозициядагы Социал-демократиялык партиясынын лидери саясий ишмердигинен улам кол салууга кабылганын билдирди. Рахматилло Зоиров окуя 9-ноябрда кечке жуук Душанбеде болгонун "Азаттыктын" тажик кызматына 14-ноябрда кабарлады.


Маалыматка ылайык, ал күнү бир аял менен бир эркек киши итин сейилдетип жүргөн Зоировдун жанына келип, ага "чыккынчы" деп кыйкыра баштаган. Андан көп өтпөй эркек киши оппозициячыл активистти туюк металл менен урган. Зоиров өз колу менен башын коргогонго үлгүргөн.