Кыргызстанда эртең, 15-ноябрда  жамгыр  аралаш кар жаайт.

 

Бул тууралуу  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен  билдиришти. 

 

Маалыматка караганда,   15-ноябрда күндүз жана 16-ноябрда түнү республиканын басымдуу аймагында жаан жаап, Чүй, Талас облустарында  карга айланат.

 

 Бишкекте күндүзү абанын температурасы  +8 градустан жогорулабайт.

 

Анткен менен 16-ноябрда күн кайра жылымдайт.