КР Муфтияттын берген маалыматына караганда, 2018-жылдан тартып ажыга барчулар биометрикалык паспорт алуулары керек.
Мындан улам учурда Кыргызстан мусулмандарынын дин Башкармалыгы 2018-жылкы ажылык иштерине даярдыктарды көрө баштады. Ал иштер электрондоштурула тургандыктан, мындан ары сапарга чыкчулар бир гана биометрикалык паспорттун негизинде катталат.
Ошондуктан, Муфтият ажыга барам дегендерди биометрикалык паспорт алууга чакырат.