Бул тууралуу «Электр станциялары» ААКсы маалымат тараткан.
Маалым болгондой, бүгүнкү күндө ЖЭБдин складында 270 873 тонна көмүр бар. Казакстан акыркы жолу 49 вагонго жүктөлгөн көмүр 11-ноябрда алынып келинген. Дагы көмүр жолдо келатат.
Ноябрь айында Казакстандан 100 000 тоннага жакын көмүр алынып келиниши күтүлүүдө.
Эске салсак, вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Бишкек ЖЭБдин жылуулук сезонунда импорттук көмүр колдонулбай турганын айткан. Анткени, Казакстанда көмүрдү экспорттоого убактылуу тыюу салынган.