Жол кырсыгын уюштуруп, аялдын өлүмүнө себепкер болгон орун басар азырынча иштен айдалуу жазасын алды.
Биринчи май райондук прокурорунун орун басары Данияр Сейталиевди жумуштан бошотушту. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган орун басардын автоунаасынан Биринчи май райондук сотунун канцеляриясында сакталууга тийиш болгон 25 кылмыш иши табылган. Бул боюнча кызматтык иликтөө түзүлгөн, бирок, жыйынтыгы азырынча жок.
Данияр Сейталиев жол кырсыгына кабылып, аялды сүзгөн, аял кырсыктан улам каза тапкан. Бирок, өүмгө себепкер болгон орун басарга сот эки айга абакта калтыруу чечимин кабыл алганы менен, ал тил кат менен эркиндикке чыккан.
Эске салсак, 19-июлда эки автоунаа кагышып, бир автоунаадагы аял каза тапкан. Экпертизанын жыйынтыгында, кырсыктын себепкери окуя болгон учурда мас абалында болгонун аныктаган.
Жол кырсыгынын күнөөкөрү окуя болгон жерден качып кетүүгө үлгүргөн, бирок, күбөлүгүн түшүрүп алган да, аны милиция кызматкерлери таап, анын жардамы менен прокурордун орун басары экени аныкталган.
Каза тапкан аялдын артында эки жаштагы баласы калды.