Кыргызстандагы «Куликовский» кондитердик үйү продукцияларын коңшу Казакстанга да экспортоочу. Бирок, Казакстан Кыргызстандан азык ташыган бир катар ишканалардын продукциясын талапка жооп бербейт деп баалаганы маалым болгон. «Талапка жооп бербеген» кыргыз ишканаларынын арасында «Куликовский», «Шин-Лайн», «И.П.Тууганбаев», «Талас-Сүт», «Элимай» жана «Ак-Сүт» бар.
Бирок, «Куликовский» тыюу салынганы тууралуу расмий билдирүү алган эмес.
Казакстандык басылмалардын жазганына таянсак, аталган кондитердик үйүнүн «Трубочки» пирожныйлары, «Чымчыктын сүтү» тортторун жана «Макарон ассорти» печеньелерин Казакстанга киргизүүгө тыюу салышкан.
Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги мындай тыюу салууну аталган продукциялар Бажы биримдигинин техникалык регламентиндеги талаптарга жооп бербегенинен улам кабыл алышканын жарыялашкан.
Ал эми «Куликовский» тыюу салынганын интернеттен окуп билген. Анын башкы директору Денис Гайворонскийдин айтымында, коңшу мамлекеттен эч кандай расмий билдирүү келбеген. Бүгүн алардын товарлары чегарадан өткөн, эч кандай маселе жаралбаган.
16-октябрда Казакстандын Айыл чарба министрилиги сүт азыктарын өндүргөн беш кыргыз компаниясына товарларын алып келүүсүнө тыюу салганын маалымдашкан.