«Сот аткаруучуларынын статусу жана өндүрүш аткармалары тууралуу» мыйзамга өзгөртүү киргизүү коомдук талкууга коюлду. Мыйзам алимент милдеттенмелери менен толукталган.
Ага ылайык, соттук аткаруучулар алиментке карызы барлардын мамлекеттен сыртка чыгуусуна убактылуу бөгөт кое алышат. Ошондой эле карызкордун сүрөтүн Соттук департаменттин расмий сайтына жайгаштырышат.
Андан сырткары карызкор аңчылык кыла албайт, транспорттук унааларды соттук талабын аткармайынча айдай албайт.
Мындай чектөө эгер карызкор каражат табууга автоунаасын пайдаланса, же ал майыптыгы үчүн автоунаасыз жүрө албаса, ошол эле убакта карызы миң сомдон ашпаса колдонулбайт.