1-9-ноябрь аралыгында 208 жол кырсыгы болуп, андан  42 адам  өмүр менен кош айтышты. Ал эми 321 киши ар кандай жаракаттарды алышкан.

 Бул тууралуу өкмөттүн   жол коопсуздугуна арналган жыйынында белгилүү болду.

 

Анда айтылгандай,  быйыл жыл башынан бери катталган жол кырсыктардын саны 5 миңден ашып, 695 киши анын курман болгон. Ар кандай жараат  алгандардын саны 7800дөн ашык.

 

 Премьер-министр Сапар Исаков өткөн жумада  Патрулдук милиция башкармалыгын жоюп, аны Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы Башкармалык деп кайра түзүү тууралуу токтомго кол койгон.

 

ИИМ  министри Улан Исраиловго кыска мөөнөттө сынак негизинде таза иштеген  милиция кызматкерлерин ишке  алуу милдети жүктөлгөнөн. Өкмөт аппаратына жол эрежелерин бузгандарга жазаны күчөтүү боюнча тиешелүү майзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү, Транспорт жана жолдор министрлигине жол чырактарды, белгилерди, чийиндерди орнотуу ишин жыйынтыктоо тапшырмасы берилген.

 

Ошондой эле, өкмөткө караштуу Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссия түзүлдү.  Төрагалыгына вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев дайындалды.