- Парламент менен өкмөт “Кумтөр” кенинин жанында жайгашкан “Давыдов” жана “Лысый” мөңгүлөрүн тыптыйпыл жок кылууну мыйзамдаштырууга умтулуп, мөңгүгө кол салууну мыйзамдаштыруунун аракетин көрүп жатат, бул туурабы?
Мурат Жетимишбаев, коомдук ишмер:
“Орой айтканда дөдөйлүгүбүз жан дұйнөмдү ичиркентип турат”
- Айтылуу акын Түмөнбай Байзаков: “Ысык-Көл - жердин көзү, кырлар кашы. Адырлар -көкүрөгү, токой - чачы, Дайралар, - кан тамыры, чоку-таажы. Себеби, топчулары, ар бир ташы!"- дегенин айтам, болду, башка айтаарым жок. Эми ушул залкардын керемет ыр саптарын чындап көңүл токтотуп, ойлонуп кайра бир окуп көрөлүчү! “...Дайралар кан тамыры - токой чачы...!”. Ооба, азыр ойлонбой туруп, опол тоодой мөңгүлөрүбүздү оодарып салып, алтын алабыз деп шадырандап, мыйзам чыгарабыз дегендерге таң калуум менен кыжырдануум чексиз! Кыргыз жеринин дайралары, аккактай сууларыбыз кайдан келип биздин кыргыз жеринин көркүнө көрк кошуп, кыргыз жерин "гүл денелүү - кыргыз жерине..." айлантып жаткан ошол мөңгүлөр экендигин билсек дагы маңкурттук менен билмексен, орой айтканда дөдөй болгондугубуз жан дұйнөмдү ичиркентип турат! Монголдор жөн эле "талааларыбыз бузулбасын" деп ушул эле канадалык фирмага алтынды жердин алдынан казууга милдеттендирип салышса, Европадагы швейцария мамлекети, "жайдын аптабында мөңгүлөрүбүз эрип кетпесин",- деп миңдеген чарчы километр жердеги мөңгүлөрүн, күндүн нурун кайра чачыратчуу материалдар менен жаап, мөнгүлөрүн коргоп жатышат! Бул кашкайган чындык. А биз болсок өзүбүзгө да толук тийбечүү алтындарды алыш үчүн түбөлүктүү бизге кан жан болуп турган мөңгүлөрүбүздү өз колубуз менен жок кылып Кыргыз жерине болуп көрбөгөндөй чыккынчылык кылуунун алдында турганыбызды "КЫЙКЫРЫП, БАКЫРЫП!" айткым келип жатат. Сөздүн кыскасы, каршылыгым жок, алтынынарды “алып тына!” бергиле бирок, кылымдар бою кыргыз жеринин кан тамырына зак болуп, жерибизди көрккө бөлөп жапжашыл кылып гүлдөтүп келген мөнгүлөрүбүзгө тийбей жердин астынан казып анан бир жолу “АЛ ТЫН!!!”
Ыргалай Бекмуратова, “Мээр жазы” коомдук уюмдун жетекчиси:
“Чыккынчы өкмөттүн эсебин эл өзү эле берип коёт”
- Элине, мамлекетине чыккынчылык кылган мыйзам долбоорун даярдаган бул өкмөттүн өмүрү өтө кыска болот экен. Өзүнө өзү көр казып алыптыр. Мындай өкмөттүн эсебин эл өзү эле берип коёт.
Самсаалы Четинбаев, коомдук ишмер:
“Канадылык шылуундардын сөзүн сүйлөп чуркап жүрүшөт”
- Канадалык шылуундарга биздин жерди, мөңгүлөрдү урганы да жок. Эптеп алтыныбызды казып чыгып кетсе болду. Иштин баары өзүбүздө, өзүбүздүн бийликте болуп атат. “Колуңду тарт!”- дегендин ордуна ошол канадылык шылуундардын сөзүн сүйлөп чуркап жүрүшөт. Кудайдан коркпой, өтө жагымсыз көрүнүш. Уят! Чыккынчылык бу. Акаев, Бакиев убагында бийликтегилер канадалык шылуундарга кандай сатылып келсе, бүгүнкү бийлик да ошолордун кейпин кийди. Бул мыйзам кабыл алынып кала турган болсо, Кыргызстанга орду толгус опол тоодой зыян келет. Биз муну унутпашыбыз керек. Ал эми бул мыйзамды кабыл алдырабыз деп кол-кабыш кылып чуркап жүргөндөрдүн баарын эли-жеринин кызыкчылыгын саткан чыккынчы катары бааласа болот!
Кадыр Кошалиев, журналист:
“Миң жылдык мөңгүлөрдү да жок кылууга жол ачылат”
- Биздин бийликтегилер келечекти ойлошпой эле күнүмдүк кызыкчылыктан чыга алышпай калышканын ушул окуя да даана көрсөттү. Эгер бул мыйзам күчүнө кирсе аталган эки мөнгүлөр эле эмес, башка жерлердеги кендерибиздин үстүндөгү миң жылдык мөңгүлөрдү да жок кылууга жол ачылат. Бул мыйзамды кабыл алдырбоо керек.
Чынайым Кутманалиева,
Булак: “Майдан. kg” гезити