Депутат Аида Касмалиева Жогорку Кеӊештин жыйынында, Россиядагы мекендештердин маселесине токтолду.

 

«Депутаттардын жакындагы Россияга болгон сапарында Ростов-на-Дону шаарындагы мекендештерибиздин акыбалына күбө болдук. Бул шаардагы базар өрттөнүп кеткен. Анда иштегендердин  70 пайызы кыргызстандыктар. Эмнегедир мекендештер акчаларын үйлөрүндө, же банктарда сакташпай, контейнерлерде сакташчу экен, товарлары менен кошо акчалары да күйүп кетти. Алардын көбү Россиянын жарандыгын алышкан, бирок, биздин мекендештер. Ошондуктан жардам берели. Ооба, алар акчалай жардам сурашты, а биз ага убада бере албадык, бирок, башка жол менен жардам кылсак болот да», - деген депутат жардам берүүнүн жол-жобосу менен бөлүштү.

 

Айтымында, кыйынчылыкка кептелген мекендештердин так тизмесин түзүп, кимиси ипотека, кимиси банктан пайызга акча алганын такташ керек. Анан КР ТИМ, парламент Россияга кат жолдоп, ипотека менен насыяларын төлөөлөрүн оӊойлоштуруп берүү туура дейт.

 

«Базар жетекчилигине да кайрылып, товарларын өрткө алдырган кыргызстандыктарга бир жыл бекер орун менен камсыз кылуусун сураналы», - деп сунуштады депутат айым.