Кыргызстандын коӊшу мамлекеттер менен мамилеси жакшыра баштады. Демек, темир жолдорду калыбына келтирүү мүмкүн.

 

Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин жыйынында депутат Алмазбек Токторов билдирди.

 

Айтымында, жүк ташууну темир жол аркылуу ишке ашыруу зарыл.

 

«Өзбекстан менен мамилебиз жакшырып калды. Демек, темир жолдорду жандандырышыбыз керек. Таш-Көмүрдө жол кырсыгы катталып, ал жүк ташуучу автоунаанын айынан болгону айтылууда. Жүк ташууну темир жол аркылуу жасашыбыз керек», - деген депутат парламенттеги өкмөт өкүлүнө бул маселени карап чыгууну сунуштады.

 

Айтымында, темир жол менен жүк ташуу бир топ арзан да, коопсуз да болот.