Жакында Бишкектин чок ортосунда эки автоунаа кагышып, бир автоунаа өрттөнүп кеткен. Айдоочусу сыртка чыга албай тирүүлөй күйгөн.
Бул окуяга Жогорку Кеӊештин жыйынында депутат Зарылбек Рысалиев токтолду.
«Айдоочу «мен 21 гана жаштамын. Менин жашагым келет, куткарып калгыла», - деп кыйкырыптыр. Бирок, топтолуп тургандардын бири да жардам бербептир. Анткени, ошол жерде турган автоунаалардын биринчи да өрт өчүрүүчү каражат жок экен», - деди депутат.
Рысалиев жол кырсыктарына өкмөттү күнөөлөй бербей, шартты катаалдатыш керектигин айтты. Белгилешинче, айдоочулардан аптечка, өрт өчүргүч каражаттарды жанында алып жүрүүнү талап кылуу керек. Ошондой эле автоунаанын ичинде видеорегистратор сөзсүз болуу керек.