Бүгүн, 3-ноябрда, Талас шаарында митинг болду. Ага жергиликтүү тургундар катышышты. Алар кыргыз-казак чегарасындагы кыйын кырдаалды чече албаган бийликке нааразычылык айтышты. Ошондой эле, митингчилер президент Атамбаевдин Талас тургундарына карата айтылган сөзүнө жооп берүүсүн талап кылышты.

 

Эске салсак, Атамбаев шайлоодон кийинки Таластагы акыбал боюнча «Абыке-Көбөштөрдүн тукуму» деген пикирин билдирген.