Султанбек Жумагулов маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалды.
Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Маалыматка караганда, тийиштүү жарлыкка президент Атамбаев кол койгон.
Эске салсак, 1-ноябрда парламент Султанбек Жумагуловдун талапкерлигин бир добуштан колдоого алган.