Казакстандын Бишкектеги элчилигинин алдында кыргыз-казак чек арасын ачуу талабы менен 40тан ашуун адам катышкан пикет болуп өттү.
Пикетчилер колдоруна "Кыргыз менен казак эли бир тууган», «ЕАЭБден чыгууну ойлонуу керек», «Бардык көйгөй Бабановдон башталды», «Кыргыз-казак чек арасы ачылсын!" деген жазуулары бар пикет кармашкан.
Укук коргоочу Турсунбек Акундун айтымында, пикетти Борбор Азиядагы адам укугу конгресси уюштурду.
Анда, эгер 5-ноябрга чейин чек ара ачылбаса, Кыргызстандын ЕАЭБден чыгышы жана адам укугун бузуп жатканына байланыштуу Казакстанга экономикалык санкция жарыялоо талабы менен ЕАЭБ жана ЕККУга кайрылуу жөнүндө резолюция кабыл алынды.
Пикеттин катышуучуларынын айрымдары кыргыз-казак мамилесинин бузулушуна Өмүрбек Бабановдун шайлоо алдында казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушканын айыпташты.