УКМК кечээ Таластагы митингге активдүү катышкан үч жарандык активистти суракка алды. Бирок, бүгүн болчу митинг токтотулбай турганы белгилүү болду.
Маалыматтарга караганда, Айбек Бузурманкулов, Төрөканн Жунусбеков жана Аманбай Бабакуловдор сурак беришти.
Сөз эркиндигин коргоо комитетинин төрагасы Адиль Турдукуловдун айтымында, УКМК активисттерди эмнеге суракка алып атышканын маалымдаган эмес.
«Бүгүн митинг болушу керек. Саат 12де. Митингдин катышуучулары мындан мурда Атамбаевдин эл алдында кечирим суроосун талап кылышкан. Бирок, кечирим суралган жок», - дейт Адиль Турдукулов.