Нью-Йоркто сот 29 жаштагы Өзбекстандын жараны Сайфулло Саиповго сегиз кишинин өлүмү боюнча жана террордук уюмдарга материалдык көмөк көрсөткөн деген айып такты. Ал ондогон кишилерди тебелетип кеткен.  Алардын сегизи каза таап, 11 киши жаракат алган. Сотто Саипов бул аракетине өкүнбөй турганын жана колдон келишинче көп кишини өлтүрүүнү каалаганы билдирди.


Нью-Йорктогу теракт 31-августта болгон. Өзбекстан жараны кол салуу күнүн бекер тандаган эмес: Хэллоуинди майрамдоо учурунда көчөдө эл көп болот деп ойлогон.

 

Ал бул ишин бир жыл мурун эле пландаганын, эки ай мурун даярданып баштаганын айтты. Саипов көп кишини тебелетип, Бруклин көпүрөсүнө чейин жетүүнү көздөгөнүн, бирок кокустан автобус менен сүзүшүп калганын кошумчалады.