Бул тууралуу КР УКМК жана ИИМ билдирүүдө.

 

Эске салсак, Republic басылмасы Сайфулло Саипов Кыргызстанда жашаган деген сыяктуу маалымат жарыялаган. Аны Ош шаарынын тургуну кылып чыгарган.

 

КРнын аталган кызматтарынан билдиришкендей, Ош шаарында Саипов фамилиясындагы үй-бүлө бар. Бирок, Сайфуллонун аларга такыр тийиштиги жок.

«Биз ал турмак Саипов кыска убакыт аралыгында Араван жана Кара-Суу райондорунда жашаган деген маалыматты да териштирдик. Бирок, ал маалымат чындыкка дал келбестиги аныкталды», - деп билдирет УКМК.

 

Белгилей кетсек, Нью-Йорктогу теракта сегиз адам каза таап, ондон ашуун адам ар кандай жарааттарды алышкан.