Чай – күнүмдүк колдонуучу суусундуктарыбыздын эң башкысы. Чай ичпесе башы ооруп калган адамдар да бар. Бирок, анын пайда, зыянын  жана ден соолукка пайдасы тийгендей кылып туура ичүүнүн жолун баары эле биле беришпейт.

 

 

Чайды ачкарын ичпеңиз, бул өтө зыян. Чайдын «муздак табияты» организмге кирип, ашказан жана көк боорго тескери таасир берет.

 

60 градустан ашык температурадагы   ысык чайды ичүүгө болбойт. Ысык чайды дайыма ичип жүргөн адамдардын ашказан- ичеги –карындары жабыркап, патологиялык өзгөрүүгө дуушарланат.

 

Түнү уктаар алдында чай ичсеңиз, өтө кызыл демдебеңиз. А эгер түнү   түнкү нөөмөттө иштөө керек болсо, кызыл чай ичиңиз. Анткени, кызыл демделген ачуу чай уйкуну качырат.

 

Эгер сизде гипертония, уйкусуздук, же жүрөк жаатында маселе бар болсо, кара чайды көк чайга алмаштырыңыз. Бирок, ылдыйкы кан басым жана тамырлардын тартылышында так ошол кара чай таасирдүү   дарылык милдетин аткарат.

 

 

 

Чайды демдөөдө ага ар кандай дары өсүмдүктөрдү кошуп коюңуз. Даамы да, жыты да оригиналдуу болгон суусундукту аласыз. Андан тышкары, мындай чай ден соолугуңузду эки эсе бекемдейт. Мисалы, баш ооруда жана кыжырданууда мелисса, же жалбызды, депрессия жана маанай чөгүүдө чай чөптү, боор ооруса ит мурундун мөмөсүн кошуп койсоңуз болот.

 

Көк чайга шекер кошуудан коркпоңуз. Иликтөөлөр шекер чайдагы пайдалуу заттардын жоголуп кетишине эмес, ансайын күчөшүнө өбөлгө болоорун тактап чыккан. Адистер чайга сөзсүз лимон, же башка мөмөлөрдү салып ичүүнү сунуштайт. Бул мөмөлөрдөгү С витамини  чайдагы  рак, инсульт жана башка бир катар оорулардын алдын алуучу пайдалуу заттарга көмөк көрсөтүп, организмге пайдалуу болот.