Парламент жыйынында депутаттар 2017/2018-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата өлкөнүн экономика тармактарын жана калкын даярдоо боюнча өкмөттүн маалыматын угушту.
Парламент жыйынына вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышууда. Анда, 2017/2018-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата өлкөнүн экономика тармактарын жана калкын даярдоо боюнча маселе каралды.
Депутат Төрөбай Зулпукаров маалыматтан улам Казакстандан келүүчү көмүр маселеси чечилгенин белгилеп, жергиликтүү көмүрлөрдүн баасына токтолду. Эл өкүлү ташып келүүгө күйүүчү майдына баасы кымбаттабагандан кийин эмне үчүн быйыл көмүрдүн баасы кымбат болуп жаткандыгын сурады. КР вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев көмүр кендеринде дагы баа былтыркыдай эле белгиленгендигин айтып, сатылып жаткан көмүрдүн баалары болушунча төмөндөтүлөөрүн билдирди.
Депутат Кожобек Рыспаев Казакстан менен кырдаал ар кандай болуп калган учурларда, ага даяр болуп көмүр тартыштыгы болбогондой, жергиликтүү көмүр менен камсыз кылгандай даяр туруубуз керек дейт.
Депутат Аида Салянова кышы катаал Нарын облусунда калктын электр кубатын пайдалануудагы 70 тыйындан төлөнүүчү 700 кВаттык жеңилдиктин ордуна каралган 1000 кВаттын бул аймакка жетишсиздигин баса белгиледи. Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев бул маселе дагы каралып жатканын жооптоду.
Ал эми депутат Аалы Карашевдин суроосунан кийин республиканын аймактарында көмүрдүн баасы былтыркыга салыштырмалуу кымбат сатылып жаткандыгы, ага спекулятивдик фактор дагы себеп болуп жаткандыгы айтылып, көмүрдүн баасынын кымбаттап кеткендигине байланыштуу КР Өкмөтүнүн атайын токтому даярдалып, жөнгө салынаары белгилүү болду.