Аспирин таблеткасы ар бир үйдүн аптечкасынан табылат болушу керек. Бул жөнөкөй жана кымбат эмес дары дене табын түшүрүп, баш ооруну гана баспастан, турмуш-тиричиликке да керектүү. Аны агартуучу, такты кетирүүчү жана тазалоочу каражат катары колдонууга болот.
Тердин тагын кантип кетирүү керек?
Бул дарынын жардамы менен денедеги тердин кийимге калтырган тагынан оңой кутулууга болот. Ошондой эле аспирин бейшеп, же кан тамган кийимдерди да жытынан жана тагынан арылтат. Ал үчүн эки-үч таблетканы жарым стакан сууга эритип, кийимди 2-3 саатка чылап коюу керек. Андан соң кадимкидей эле жууп саласыз.
Эскирген такка да жардам берет
Эгер кийимдеги так эски болуп, сиңип калса, бир топ «катаал» ыкманы колдонууга туура келет. Бул үчүн бир нече таблетканы талкалап, порошок түрүнө келтирип, бир-эки кашык суу куюп, боткого айлантабыз. Аны кийимдин тагына сыйпап, 15-20 мүнөт тынч коебуз. Бирок, бул ыкманы ачык түстөгү кийимдерге колдонууда абайлаңыз – кездеменин түсү оңуп кетиши мүмкүн.
Саргарган шейшептерди агартат
Аспиринди жумшак агартуучу катары колдонуу да мүмкүн. Ал эскирип, саргарып кеткен шейшептерге жаңы өмүр берип, аны менен катар кездемени бузбайт. Стандарттуу аспириндин 4 таблеткасын беш литр жылуу сууга эритебиз. Алгач аспиринди азыраак ысык сууга эритип алып, анан аны беш литр сууга кошсок да болот. Шейшептерди 2-3 саатка чылайбыз. Түнгө калтырсак да болот, андан кийин жууп салуу керек.
Айна ордуна
Кир жуучу автоматка да аспиринди колдонобуз. Бул үчүн бир нече таблетканы талкалап, айна менен кошуп, автоматтын атайын бөлүгүнө салабыз.
Ичке ваза, же графинди тазалоодо
Гүл салынуучу оозу ичке ваза, же графиндин ичин жаркыратып жууш кыйынбы? Анда, дарыканадан аспириндин суудай кайнай турганынан сатып алыңыз. Аны вазага салып, үстүнө суу куюп коюңуз. Мындай ыкма менен арадан 10-15 мүнөт өткөндө жаркыраган вазалуу болуп чыга келесиз.
Унитазды жаркыратат
Сууда кайнай турган аспирин таблеткасын унитазга таштап, 10 мүнөттөн кийин сууну агызып коюу керек. Бул унитаздын саргарган тагын кетирип, агартат. Аны менен катар бактерияларга каршы тазалоону да жүргүзөт.