Кыргызстандын түштүгүндө көмүргө болгон баа кымбаттап, тоннасы 6-7 миң сомду чапчып калды.Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 2 миң сомго кымбат.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Төрөбай Зулпукаров билдирди.
Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин айтымында, Өзбекстан менен чегаранын ачылышы ушул көрүнүшкө алып келди.
«2016-жылдагы баага алып келүү үчүн өкмөт тийиштүү чараларды көрөт», - деп убадалады Зилалиев.
Ошондой эле Төрөбаев быйыл кышта жарык өчпөйбү деген суроо узатты.
«Быйыл Токтогул ГЭСиндеги бардык системалар жаңыланды. Бул кышта эч кандай электр өчүрүүлөр болбойт», - деп ишендирди вице-премьер-министр.