Борбордук шайлоо комиссиясы Текебаевдин адвокаттары Бишкек шаардык сотунун чечимин Жогорку сотко даттанып кайрылышканын карашты.

 

Эске салсак, Текебаев жана Чотоновго сегиз жыл эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо чечими кабыл алынган.

 

БШК маалыматты угуп, Текебаевдин депутаттык мандатын мөөнөтүнөн эрте токтотуу боюнча чечим кабыл алды. Бирок, бошогон мандат «Ата Мекен» партиясынын башка мүчөлөрүнө азырынча берилбейт.