Кытайдын Хунань провинциясындагы Чанша шаарында 57 жаштагы аялдын мурдуну тиш өсүп баштаган. Бул тууралуу Лента. Ру сайты жазып чыкты.
Анда айтылгандай, аял он жылдан бери мурдунан кан агуудан жабыркап келген. Ал мурдунун катмар чели сууктап калган деп ойлогон.
Дарыгерлер оң мурдунан таң калыштуу затты табышкан. Алгач алар мурунга кичирээк таш кирип кеткен окшойт дешкен. Бирок, текшерүүдөн кийин мурунга тиш өсүп атканы маалым болгон.
Тишти жулуп салышкандан кийин кан агуу токтогон. Андан тышкары, аялдын мурдунун бүткөнү да айыккан.