Нарын облусуна караштуу Жумгал районундагы Миң-Куш шаарчасында эски шахтада жергиликтүү тургун ажал тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка караганда, шаарчанын 61 жаштагы тургуну Ак-Улак кен чыгуучу жерине жакын жайгашкан эски шахтадан көмүрдү мыйзамсыз казып алып жатканда, шахтанын үстү ураган. ӨКМнын куткаруучулары жансыз денени 15 метрлик тереңдиктен алып чыгышкан.