Кыргызстан жол сапаттары боюнча дүйнөлүк рейтингде 122-орунду ээлейт.

 

Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумунун маалыматынан улам белгилүү болду.

 

Маалыматка караганда, эң сапаттуу жолдор Араб Бириккен Эмиратында, Сингапурда, Швейцарияда, Ганконгдо жана Нидерландияда курулган.

 

Мурдагы СССРдин курамындагы өлкөлөр арасында Азербейжан, Литва, Эстониянын жолдору сапаттуу. Алар рейтингдин 36-37- 38-орунунда турушат.

 

Тажикстан 70-орунга туш болгон, Армения 85-орунда. Россиянын жолдору 114-орунду алышкан, а Казакстан 115-орунда. Африкалык мамлекеттер Либерия – 111,  Буруди – 112,  Бенин – 113-орунга жеткен. А Кыргызстан араң гана 122-орунга илешкен.