Депутат Садык Шер-Нияз Голливуд жылдызы Анжелина Жоли менен сүйлөшкөн видеосун соцтармакка жарылап, ага удаа: «Ал абдан жөнөкөй экен, көпкө сүйлөштүк», - деген комментарий берди.
Алар АКШнын Лос-Анджелес шаарында өтүп жаткан Азия фильмдеринин бүткүл дүйнөлүк фестивалында (Аsian World Film Festival) жолугушушкан.
Видеодон депутаттын кубанычынан аптыгып сүйлөп атканын көрүүгө болот. Аны көрүп көңүлдөрдү өкүнүч каптады – Кыргызстандын бакыйган депутаты, эл жүгүн аркалачу азаматы жылдыз айымдын алдында жепирейип калат тура.
Кыргызстан менен Казакстандын мамилеси жөнгө салынбай, эки өлкөнүн чегарасынын ортосунда ондогон автоунаалар саргарып кезек күтүп, жеке ишкерлер чоң сумма чыгашага күйүп атышат. Алар көздөрү төрт болуп, жогору жакты карашып, бир жолун таап береби деп турушат. А эл ишенип шайлаган депутаттардын курсагы ток, минтип фествалдарда жылдыз менен эки ооз баарлашканына маашыр болуп жүрүшөт. Ушул убакка чейин парламент чегара маселесинде орчундуу аракеттерди көрбөдү. «Ток бала ач бала менен ойнобойт» болуп, курсагы ток адамдарга айла жок экен да…
