Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Айтымында, жаңы президенттин инаугурациясы ушул жылдын 1-декабрга чейин болот. БШК учурда шайлоо жыйынтыктары боюнча протоколду кабыл алды жана үч күн аралыгында ал күчүнө кирет.
«Андан кийин 30 күн аралыгында жаңы президенттин инаугурациясы өтүшү керек. Биз ага президенттик күбөлүк, штандарт жана президенттин белгисин тапшырабыз. 2-ноябрдан кеч калбай биз БШКнын чечимин жарыялайбыз жана ал күчүнө кирет. Ал документтерге инаугурация 1-декабрдан кеч калбай өткөрүлүшү керектигин жазабыз», - деди Шайлдабекова.
Айтымында, инаугурациянын так күнү КР Жогорку Кеңеши менен кеңешүүдөн соң белгилүү болот.