ЛДПРдан депутат, Мамдуманын вице-спикери Игорь Лебедев Россияда кыргызстандык айдоочулук күбөлүк менен автоунаа айдоого тыюу салчу мыйзамдолбоорун сунуштаган.
Игорь Лебедев 26-октябрда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин үркүндөгү кыргыздардын массалык кырылган күнүн эскерүү күнү катары жарыялаган жарлыгын жактырбоо менен кабыл алган. Ал «Кыргыздар Россия империясына каршы чыккан күндү Атамбаев майрам катары жарыялады», - деген пикирин ММКларга билдирген.
«Мындан улам мурда кабыл алынган чечимди кайра карап чыгыш керек», - деген ал.
Эске салсак, Россиянын президенти Владимир Путин июль айында Кыргызстандын жарандарына Россиянын аймагында өз мекенинен алынган айдоочулук күбөлүк менен автоунаа айдоого уруксат берчү мыйзамга кол койгон.