КТРКнын экс-жетекчиси Султан Жумагулов маданият министрлигине талапкерлер арасында бар. Бүгүн парламенттин социалдык маселелер, билим берүү, илим жана маданият комитети ал талапкер болгонун аныктады.
Эске салсак, маданият министри Түгөлбай Казаков 28-октябрда президенттин жарлыгы менен иштен бошотулган.
Тарых музейинде турган мумиянын жерге берилишине Казаковду айыптоо башталганда, ал «Алар менин ордумду алуу үчүн гана ушундай ызы-чуу чыгарып атышат. Мен кызматтан кетээрим менен мумияны да унутушат», - деген.
Талапкерлердин арасында куудул Күмөндөр Абылов, экс- билим берүү министри Элвира Сариева жана драматург Султан Раев да бар.