Кыргыз-казак чегарасындагы бир айга чамалаш убакыттан бери эки өлкөнүн карапайым жарандарынын жүрөктөрүн өйүп аткан акыбалга кыргыз төкмө акыны Жеңишбек Жумакадыров кайрылды. Акын Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге ыр менен кайрылуу жасады. Ырда эки президенттин таарынычына карапайым эл күнөөлүү эместиги белгиленген.