Жалал-Абад шаары боюнча өнөр жай ишканалары тарабынан быйылкы 9 ай ичинде 2 миллиард 117,4 миллион сомдук продукция өндүрүлдү жана өндүрүлгөн продукциянын физикалык көлөмүнүн индекси 93,8 пайызд түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 111,9 пайызга жеткирилди, же башкача айтканда өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 255,5 миллион сомдук продукция көп өндүрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын аткаруу комитетинин кезектеги жыйынында маалымдалды.

 

Шаардагы көпчүлүк өнөр жай ишканалардын жетекчилери ички ресурстардан туура пайдаланып, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу эсебинен бош турган өндүрүштүк кубаттуулуктарында кеңири керектелүүчү товарларды иштеп чыгууну жолго салышып жакшы жетишкендиктерге жетише алышканы белгиленди. Бирок, айрым өнөр жай ишканалары шаарды артка тартып жатышканы да баса көрсөтүлдү.

 

Тактап айтканд,  өткөн 2016-жылдын 9 айына  салыштырмалуу “Жалал-Абад нефти кайра иштетүүчү” кыргыз-өзбек-азербайджан жоопкерчилиги чектелген коому– 246,6 миллион сомдук,  “Жалал-Абадэлектро” ачык акционердик коому– 173,2 миллион сомдук, “Газпром-Кыргызстан” компаниясынын филиалы  “Жалал-Абадгаз”  жоопкерчилиги  чектелген  коому–76,9 миллион  сомдук,  “Элнур Дан” жоопкерчилиги  чектелген  коому -37,7 миллион сомдук, “Жогорку кубаттуулук электр тармактары” ишканасы – 25,8 миллион сомдук, “Келечек” мамлекеттик ишканасынын филиалы – 3,4 миллион сомдук, “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгы– 2,9 миллион сомдук, “Жылуулук” райондор аралык бирикмеси– 2,5 миллион сомдук, “Лесной продукт”– 2,4 миллион сомдук,  “Кыргыз көзү азиздер жана дүлөйлөр” окуу өндүрүштүк бирикмеси – 2,2 миллион сомдук, “Нур” ачык акционердик коому (А. Тагаев) – 1,4 млн. сомдук, “Тазалык” атайын автоунаа ишканасы – 1,2 миллион сомдук, “Көк-Арт” акционердик коому – 1миллион сомдук, “Мата” акционердик коому– 0,8 миллион сомдук жана “Алманбет” жоопкерчилиги чектелген коому – 0,3 миллион сомдук  көп продукция өндүрүүгө жетише алышты.

 

Бирок, 2017-жылдын үчүнчү чейрегинин жыйынтыгы менен шаардын ири өнөр жай ишканалары “Кыргыз Петролеум Компани” жабык акционердик коому - 178,7 миллион сомдук, “Дан Юг” жоопкерчилиги чектелген коому – 87,1 миллион сомдук, “Элдик” мамлекеттик ишканасы - 16,8 миллион сомдук, ташты кайра иштетүүчү кичи ишканалар  - 13,5 миллион сомдук  продукция өткөн жылга салыштырмалуу кем өндүрүштү жана өндүрүлгөн продукциянын жалпы көлөмүнүн 14 пайызын түздү, же 296,1 миллион сомдук продукция кем өндүрүшкөнү белгиленди.