«ЕАЭБдин келишими болбогон нерсе, Казакстандагы мигранттар үйлөрүнө кайта албай отурушат, өлкө ичинде эркин жүрө да албай калышты» - деген пикирин «Апрель Байрагы» коомдук уюмунун төрагасынын орун басары Тариэль Искаков маалымат жыйынында билдирди.

 

 «Маселе контрабандада болсо, аны менен баары алектенип жатышат. Кыргызстанда мыйзамды баары сакташат. Кайсы бир саясатчыга бул жактай калды окшойт. Биздин депутаттар эмнеге үн чыгарбай отурушат? Президент кечирим сурады, өкмөт башчы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атат, а депутаттар кол куушуруп отурушат. Алар сөз жүзүндө гана патриоттор», - деди Искаков.

 

 Ал кыргыз-казак эли бир тууган эл экенин, нечен кылымдан бери жанаша жашап келатышканын белгилеп, «Эки өлкө ЕАЭБдин курамында, ал тууралуу Назарбаев далай жолу айткан. Кыязы, эч кандай биримдик жок окшойт, ЕАЭБдин башка өлкөлөрү ушунча убакыттан бери унчугуп коюшкан жок», - деп жаны ачыды төрага орун басарынын.