Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Чыныбай Турсунбеков спикерликтен кетээрин жарыялады. А депутаттар анын мыкты, түз иштегенин айтышып, абдан жылуу «коштошуу» кептерин айтышты.
«Чыныбай Турсунбеков кызматтан эле эмес, Кыргызстандан кете тургансып коштоштуңар го. Аны түз иштеген деп атасыңар, ошондой болсо, түз иштеген адамдын кызматтан кетиши кооптуу жөрөлгө», - деди депутат.
Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалаев дагы бир вице-премьер-министрдин ордуна Дайыр Кенекеевди сунуштап атканын сынга алды:
«Бир вице-премьер экинчи вице-премьерди сунуштап атат. Бул саясий жагынан туура эмес», - деди ал.