Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев кыргыз-казак чегарасындагы кырдалага токтолду:
«Боордош кыргыз-казак чегарасында жагымсыз жагдайлар орун алууда. Жүздөгөн жарандарыбыз, ишкерлерибиз кыйынчылыкка кептелип, чегарада турушат. Сүт, эт азыктарын ташыган автоунаалар кезек күтүшүп, 3-4 саатта 20-30 метр жылып атышыптыр. Ар бир ишкер күнүнө бир нече миң доллар чыгымга учурашууда. Казакстанга киришкени менен казактар ал жакта ар кандай постторду коюп салышып, акчага жыгып атышат. Биздин Казакстанда иштеген мекендештерибиз бүгүнкү күндө жумуштарына бара алышпай, үйлөрүндө бекинип жатышат. Өкмөттүн бул жаатта алып барган иши жетишсиз болгондуктан, эл кыйынчылыкка учурады. Жылуу жерде отуруп алып, куру намысты карману оңой, бирок залакасы элге тийет. Биз бул жерде ар кандай сөздү айта беребиз, анткени, зыяны бизге тийбейт, баягы эле карапайым элге тийет. Биздин да, Казакстандын да карапайым жарандары кыйналууда. Эки тарап бир пикирге келип, өкмөт чегара маселесин оң жаатына чечүүгө аракет көрүүсү керек», - деди депутат.