Жети-Өгүз райондук соту алты жашар баланы зордуктаган топтун ишин карамай болду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, тергөө сентябрь айында башталган. Кылмышка 16 жана 17 жаштагы үч улан шектелүүдө.
Апрелде жабырлануучунун коңшусу болгон шектелүүчүлөрдүн бири баланы конфет берем деп алдап чоң энеси менен жашаган өз үйүнө чакырып, зордуктаган.
Май айында эки досу менен чогуу баланы дагы алдап чакырып, баланы үчөөлөп зордукташкан. Кийинчерээк кылмышты дагы бир жолу кайталашкан, ошондо бала ата-энесине окуяны айтып берген. Баланын ата-энеси милицияга кайрылышкан.
Жыйынтыгында, милиция кызматкерлери эки уланды кармашкан, үчүнчү шектүү качып кетүүгө үлгүрүп, кийинчерээк ал да кармалган. Үчөө тең күнөөлөрүн моюндарына алышкан.
Июнда сот шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын карап, эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Алар Караколдун СИЗОсуна киргизилген.