Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов Кыргызстанда эл аралык оюндарды өткөрүүгө ылайыктуу спорт зал жоктугун белгиледи.

 

«Жакында Түркмөнстанда өткөн Азия оюндарында биздин спортчулар 70 медаль менен келишти. Бизде талапка жооп бере турган спорт зал жок. Келерки жылы Азия оюндары бизде болот, ага чейин жаңы спорт зал куруп жетише албайбыз. Жок дегенде Спорт Сарайын оңдоп-түзөөгө акча бөлүп, чет элден келген конокторду уялбай тосуп алгыдай бололу», - деди депутат.

 

Кесиптеши Мурадил Мадеминов да анын сөзүнө кошулуп, ийгиликтерди багындырып аткан кыргыз спортчуларына өкмөт жетиштүү көңүл бурбай атканын билдирди.

 

«Алар биздин желегибизди көтөрүп атышат. Спортчуларды сыйлоо мамлекеттик деңгээлде каралса», - деп Мадеминов сунуштады.