Мындай маалыматты акын Бурулкан Карагулова соцтармактагы баракчасына жазды. Эске салсак, ырчы Клара Алибекованын белгисиз жарандын күч колдонуусунан качып чыгып, милиция кызматкерлерине жардам сурап кайрылганы жана ага милиционерлердин корс мамилеси чагылдырылган видео жакында интернетке тараган. Аны тарткан милиция кызматкерлери өздөрү жарыялашкан. Видео коомчулук тарабынан катуу сынга кабылган жана ырчыны мазактагандардын табылылып, алардын кылганына укуктук баа берүүнү талап кылышкан.
Бурулкан Карагулова бул ишти колго алып, Клара Алибекова менен бирге ИИМге арыз жазган. Иликтөө иштеринин акыбети кайтып, адамдын ар-намысына доо кетиргендер табылганын мындайча кабарлады:
“Кларага биринчи кол салган жигиттин аты Азамат Айдыралиев. Ошондон качып, патрулдан жардам сураган. Патрулдардын ичинен видеого тарткандын аты да Азамат фамилиясы Аманбеков. Аманбеков мурда ырдаганды жакшы көргөн, камерага тартып жүргөн любитель болгон. Кийин милицияга (МАИге) ишке орношкон. Псевдоними Азат. Жанындагы экөөнүн бири шоопур, бири автоматчик. Бул эргулдар ИИМдин ССБ бөлүмүнүн кызматкери Таалай Жайыловдун тыкан иликтөөсүнүн негизинде табылышты. Азамат Аманбековдун айтуусу боюнча ал Клара Алибекованы тааныбаган имиш. Бул жөн гана актануу. Арадан 10 күн өткөндө тартып алган видеосун ушул чын эле Алибековабы же башкабы деп жазып, "МАМАТ" ырчылар тобунун группасына жөнөткөн имиш. Алардын арасында ырчы Өктөм Сапар уулу да бар экен, бирок, Өктөм ал видеону көрбөптүр. Көрсө ошол замат токтотмок экен. Алар ар кандай шылтоо менен Клараны айыптаганга, жаманатты кылганга өтүштү. Бирок, закон жол берген жок.
Кечирим сурап жатышат. Кечирим болбосун баса белгиледим. Ошо тушта Омбудсменден чалып калышты. Кайра прокуратурадан чалышты. Анан журналисттер жана ар кайсы сайттан чала башташты. РОВДлар, участкалар....айтор, кылмышкерлер табылгандан кийин "жардам" бере тургандар алеки саатта толуп кетишти. Түн кирип баратат. Биз үйгө шашылдык.
(Менин күйөөм сүйлөнүп калды кобуранып, аял башың менен... сенден башка эркектер жокпу...ж.б.у.с.)
Эркектер, чынында эле мага кичине жардамыңар керек болчу? Бирок, бардык ишти, бизди алып барган, жеткирген ж.б. баарын Бакыт Сейитов колго алды. Миң жаша алтын бала БАКЫТтай!
Сүрөттө: Клара экөөбүз бир чыны чай ууртап эле ИИМге шашылдык”, - деп жазды.