Кыргыз өкмөтү кеч болсо да алдангандыгын билдиби же мурда пландаштырылган планы ишке ашпай калдыбы, айтор 10-октябрда чехиялык Liglass Trading ишканасы менен түзүлгөн келишимди үзүп, толугу менен чекит коюла тургандыгын жар салды. Бул тууралуу билдирген вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев 5-октябрда аталган компания өкүлдөрү менен Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин жетекчилиги жолукканын да ырастады. Зилалиевдин белгилешинче, Liglass мөөнөттү узартып, башка жактан эсеп ачып берүү сыяктуу сунуштарды айткан. 18-сентябрда, “РусГидрого” карызды төлөө мөөнөтү бүтөрүнө бир күн калганда Liglass Trading компаниясынын жетекчилери Бишкекке келип маалымат жыйын өткөрүп, каржылык жактан кыйын абалга кептелгенин билдиришкен. Буга Кыргызстандагы айрым саясатчылардын каралоосу себеп болгонун белгилешип, келишимди аткаруу үчүн кыргыз өкмөтүнөн жеңилдик да сураган. Өкмөт Бишкектин көчөлөрүндө “Матис” такси менен жүргөн чехтердин кыялдагы миллиондогон долларды алып келеринен үмүтү үзүлүп, өнөктөштөрүнүн мындай суранычын аткарбай, келишимди бир тараптуу жокко чыгарган болчу. Ошону менен чехтер кыргыз өкмөтүнө берген 1,5 млн. долларынан кол жууп, орусиялык “РусГидро” ишканасынын Нарын дарыясына “агып кеткен” 37 млн. долларын кантип төлөөнү билбей башын мыкчып калган кербези.
Булак: «Майдан. kg» гезити