Ар бир эле цивилизациялуу коомдо ишкерби, бизнесмен болобу же калем акы алган чыгармачыл инсандарбы, баардыгы мамлекетке салык төлөөгө тийиш. Өзгөчө Батыш өлкөлөрүндө салык төлөбөй койгон адам катуу жоопкерчиликке тартылып, кылмышкер катары уяткарылат. Бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринен тартып, пенсионерлердин акчасына чейин ушул салыктан түшкөн каражат бөлүштүрүлүп берилет эмеспи. Бирок жашообуз той-тамашасыз өтпөгөн кыргыздарда өздөрүн “эрке бала” атап алган тамадалар менен ырчылар бир эле кечедеги тойдо миң долларга чейин иштеп табышары жашыруун эмес. Тилекке каршы алар ушул акчанын бир сомун да мамлекеттик казынага төлөбөй келишкен. Бул ирет Мамлекеттик салык кызматы Бишкек шаарындагы ресторан жана кафелерде рейд өткөрүп, салык мыйзамдарын бузган операторлорду, фотографтарды, тамада, ырчы жана бийчилиерди кошуп жалпысынан 67 ишкерди аныктады. Алардын арасында К.Примбердиев, З.Арыкбаев, Г.Калыков, А.Чалова уруксат берүүчү документтерин көрсөтө алган эмес. Мындан сырткары тамадалар Асылбек Өзүбеков, Нурдөөлөт Копоев, М.Жаныбек уулунун да тиешелүү документтери жок болуп чыккан. Тойлорду алып баруу жана тейлөө кызматына патенттин баасы айына 500 сомдон 2500 сомго чейин турат. Ырчыларыбыз менен тамадаларыбыз мамлекетти да ойлоп, ушул арзыбаган акчага патент алып коюшса, жыртык бюджетибизге тыгынчык болуп, өздөрүнүн да жүзү жарык ырдашмак эле да.
Булак: «Майдан. kg» гезити