Картинки по запросу дача су 


 

Жыл башында кырсык орун алган Дача-СУ окуясы негедир “дым-дым” болуп келе жаткан. Кечээ президенттик аппарат башчысынын биринчи орун басары Мухамметкалый Абулгазиев бул окуя боюнча ооз ачты.

 

Абулгазиевдин айтымында, сегиз ай ичинде учак кырсыгынан жабыркагандарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө убактылуу баш калка берилип, медициналык, моралдык-психологиялык жана башка жардамдар көрсөтүлүптүр. Отчеттук сөзгө караганда  компенсациялык төлөмдөрдү алууга толук шарт түзүлгөн. Ошондой эле кыйраган учактын ээси болгон түрк аба компаниясы менен 135 тынчтык келишимине кол коюлду, ал эми кырсыктан жабыркагандар тиешелүү суммадагы компенсациясын алышты.

 

Абулгазиев ошондой эле учак кырсыгынан жабыркагандар үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебине келип түшкөн каражаттар да адилет жана ачык бөлүштүрүлгөнүн, берилген акчалардын суммасы жабыркагандардын каалоосуна ылайык, ачык айтылбасын билдирди. Ал эми жашы жете элек балдардын компенсациясы атайын депозиттик эсепке салынды, аны балдар 18 жашка толгондон кийин ала алышат. Мындан тышкары жабырлануучулардын кырсыкта жоголгон документтерин калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүлгөн. Айтор бул окуяны да бийлик шайлоо алдында шанаӊдап көтөрүп чыкты. Эртеӊ унутулуп калбайбы?

 

 

Булак: «Майдан. kg» гезити