Картинки по запросу аида салянова

 

Акыры “асылганын алып тынат” деп ажалга карата эле айтылган сөз бар эле. Эми болсо биздин бийликке карата ушул сөз туура келип туру.

 

Дегениибиз, Ленин райондук соту мурдагы баш прокурор, Жогорку Кеңеш депутаты Аида Салянованын үй-мүлкүн мамлекеттин пайдасына чегерүү менен беш жылга эркинен ажыратууну өкүм кылды. Мындай өкүмдү 10-октябрда судья Кубанычбек Касымбеков чыгарды. Өкүмгө ылайык, Аида Салянова жазасын кызы 14 жашка чыккандан кийин өтөйт. Салянованын кызы азыр үчкө чыга элек. Сот өкүмүнө Аида Салянова өзү жана адвокаттары макул эместигин билдиришти. Адвокат Чынара Жакупбекованын билдиришинче, аны жокко чыгаруу боюнча арыз шаардык сотко берилет. Айтмакчы аталган  соттук отурумда айыпталуучу Аида Саляновага жана адвокат Чынара Жакупбековага жарыш сөз сүйлөөгө уруксат берилген жок. Айыпталуучуга акыркы сөз да берилбеди. Мындан улам Аида Салянова сот мыйзамсыз иштеп жатканын, өзүнө жок жерден жалаа жабылганын, сотто далилденбегенин журналисттерге билдирди. Айтор, Геббелстин заманы келип турабы дегиӊ келет эй.

 

 

Булак: «Майдан. kg» гезити