Төлгөсү төп келген, салган төлгөсү көп кишини ойго салып, чочулатып жаткан Света айым менен бу сапар көптөрдүн көңүл борборундагы маселеге айланган президенттик шайлоонун айланасында баарлаштык. Баса, Света айым туура бир жыл мурун “Темир Жумакадыров сак болбосо, автокырсыкка учурайт. Тез-тез унаасын алмаштырышы керек” деп айткан эле. Жакынкы күндөрү кыргыз эли мекенчил уулу Темир Жумакадыровдон айрылып, Света айымдын айтканын дагы бир жолу эсибизге салды.
“Шайлоого чейин өлүм-житим менен коштолгон автокырсыктар дагы болушу мүмкүн”
- Шайлоонун шарапаты мененби же Кыргызстанда бир өзгөрүү болоюн деп калганбы, эмнегедир мамлекетибизде түрдүү ушак-айыңдар жүрүп жатат. Элдин да оюу бузулуп, шайлоо тынч өтүп, бийлик тынчтык жол менен алмашпаса, жогору жактын сазайын беребиз деп турушат. Эмнегедир түндүк-түштүк маселеси да козголуп, аны тымызын көкүткөндөр да орун алууда. Бабанов менен Жээнбековдун тиреши кырдаалды кыйындатып, элди жаман акыбалга алып келип коюшу мүмкүн деген түрдүү ойго жетелеген аян түшүп жатат. Ошондой эле шайлоого чейин өлүм, житим менен коштолгон кырсыктар да болушу ыктымалдыгын эскерткен жогору жактан кабар келип жатат. Баса, жогорку бийликтегилер сак болбосо, кыска убакыттын ичинде мамлекеттик маанилүү кызматтагы адамдарга кол салуубу же автокырсыкпы айтор, бир жагымсыз үрөй учурган жагдай орун алып калышы мүмкүн экени да айтылып жатат. Бирок, бу сапар андай жагымсыз жагдайга кимдер туш болоору тууралуу айтпай эле коёюн.
“Жогору жактагылар кара дуба окутканын токтотпосо, Кыргызстан туңгуюкка такалат”
- Азыр бийликке кызмат кылган айрым көзү ачыктар “ийгиликке жетебиз” деген максат менен Кыргызстанды кара дубага бастырып жатышат. Булар кара дуба окутканын токтотпосо, Кыргызстанды туңгуюкка такап, мамлекетибизде жакшы нерсе болбой турган акыбалга жеткирип коюшат. Башкача айтканда, ааламдан эл күткөн президенттик шайлоо да болбой калышы мүмкүн экенин эскертип жатышат.
“Жасалма камоолор жакшылыкка алып барбайт”
- Мамлекетибиздеги абалды кыйындатты деген шылтоо менен жогору жактагылар дагы бирөөлөрдү камап салууну пландап жатышат. Эгер бийликтегилер шайлоодо ийгилик жылмая турган талапкерлерге сокку уруш үчүн ошондой жасалма камоону уюштурса, кырдаал кыйындап, бийлик айласын таппай калышы толук мүмкүн.
“Сариев бирөөгө кошулбаса, эч нерсени чечпейт, эч кандай күчкө ээ болбойт”
- Темир Сариев эмнегедир ичкени илим, жегени желим болуп, өзүнчө эле кыжаалат болуп жатат. Ал акылы болсо, бирөөгө кошулушу керек. Болбосо, ал жалгыз эч нерсени чечпейт. Эч кандай күчкө ээ болбой калат.
“Токтайым Үмөталиевага жакшы кызмат буйруйт”
- Президенттикке аттанган жалгыз айым талапкер Токтайым Үмөталиеванын жолу ачык. Кудай буюрса, белдүү кызматтардын бирин аркалайт. Ал бетке айткан, жагалдануудан чындыкты жогору койгону үчүн көп учурда көп кишиге жакпай калат экен. Бирок, бу сапар президенттик так буюрбаса дагы жакшы кызмат буйруйт. Ал Манас ордо менен Түркстанга барып, зыярат кылып келиши керек экен.
“Бекназаров позициясынан тайбаса, ийгилик жылмайат”
- Азимбек Бекназаров ушул позициясынан кайтпаса, артка чегинбесе бүгүн болбосо, эртең ийгилик жылмаят. Анткени, Азимбек Бекназаровдун да жолу ачылып, колдоочулары ойгоно баштаптыр. Элди биринчи орунга койгонуна, улуттун маселесин көтөргөнүнө ыраазы болгондор көп. Азикени да камап, сындырат деп кооптонуп жатышат. Бирок, Азимбек Бекназаровдун богуна эч ким куурай сая албайт. Аны камай да албайт. Камай турган шылтоолору суу кечпей калат.
“Малиевди колдогондордун саны күн санап өсүп жатат”
- Арсланбек Малиев мурдагы эле иштерин уланта берет. Анын бактысы бизнесте. Бизнесин жасай берсе, ийгиликке ошол жактан жетет. Бирок, бул кишини да колдогондордун саны күн санап өсүп жатыптыр.
“Исаевдин байлыгын соруп алып, анан чыгарышат”
- Канат Исаев камалат. Бирок, буга чейин бир канча жолу иши татаалдашаарын, ушундай күнгө кептелээрин ачык айтканбыз. Андан жыйынтык чыгарбаганы үчүн ушундай күнгө кептелди. Аны камактан чыгарууга да кызыкдар адамдар бар. Бирок, болгон байлыгын соруп, анан чыгарышат.
“Текебаев акталат”
- Бийлик алмашкандан кийин Текебаев камактан чыгат. Башкача айтканда акталат. Ага аз эле убакыт калды. Бирок, Садыр Жапаров эки жарым жылдай камалат.
Аэлита Сатындиева, Булак: «Майдан. kg» гезити