Мисалы, Тогуз-Торо районунан атайы ат арытып келген Көчкөнбай аке биздин алдыбызда ошондой адамдардын бири сыяктанып турду.

 

Эмесе, Тогуз-Торо райондук Кан-Ачуу мамлекеттик жаратылыш паркынын токойчусу Көчкөнбай Асыйбековдун айткан баянын, азырынча, кыскартуу менен жарыялай туралы:

 

 “Үстүбүздөгү жылдын 4-февраль күнү кечки саат 8 жарым чамасында аңчылыктан келе жаткан төрт мергенчини кизиктирип калдым. Алар Ак-Сай участкалык Бирдик айылынын токой экосистемалары жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Тогуз-Торо райондук инспектору Майрамбек Жапаров, анын жардамчысы Сейдакмат Келгенбаев жана мергенчилер Мырзапайиз Темиркулов, Шеринбек Курманбаев экен. Төртөө экиден болуп бөлүнүп эки тарапка качышканынан улам, мен бир тарабын кууп жөнөсөм, алар ТОЗ-8 моделиндеги ок атылуучу куралды жана азыраак этти таштай коюп качышты. Колго түшкөн куралды милицияга өткөзгөнүм менен, этти өткөзүшүмө ар кандай тоскоолдуктар болуп жатты. Ал тургай, өзүмдүн директорум да бат эле тигилердин сөзүн сүйлөп калыптыр. Башында “сүйлөшүү жолу менен бүтүрөлү, туугандыгыңар кайсы” деген сөздөргө мен ынабай койгон болчумун. Ушул ишти Тогуз-Торо райондук соту карап, кайра тигилердин негизсиз жалааларына таянуу менен мени күнөөлүү деп тапты да алты жылга, анын эки жылын сыноо иретинде кесип койду...”

 

Андан кийин жумушунан айдалып, чындык издеген Көчкөнбай Асыйбеков кирип-чыкпаган эшиги калбай, областтык сотко чейин апеляциялык арыз менен кайрылыптыр. Бирок, сот ишти кароо белгиленген күндөн эки күн артка жылып кеткендигине байланыштуу каршылаш тараптар “биз күтүп олтура албайбыз” деп Тогуз-Торого баса беришип, биздин иш каралбай калды дейт. Эми бул ишти жакында Жогорку Сотко карашы мүмкүн экен.

 

Мында, балким, Чубактын кунундай болуп көп “иштер” чубалып жаткан жокпу? Азырынча биз айыптуу деп, албетте, бир гана тараптын короосуна таш ыргытуудан алыспыз. Андай кылганга укугубуз да жок. Айтор, эч кимдин адамдык беделине шек келтирбейбиз. Ошон үчүн бул макаладагы маалыматты редакциянын да, кабарчынын да көз карашы катары кабыл албаңыздар. Ал эми Көчкөнбай аке баяндаган окуяны, чийеленишкен көйгөйдү Жогорку Сот гана адил таразалап, эки тараптын пикир келишпестиктерине туура чекит койоору шексиз. Ага чейин, эгер мергендердин “чындык биз тарапта” деген жүйөөлүү далилдери болуп,  биздин редакцияга кайрылышса, ага дагы гезитибизде орун бар.

 

Орозбек БӨРҮГУЛОВ    

Булак: “Майдан.kg” гезити, №38 (316), 19-сентябрь 2017-жыл.