- Айланайындар, менин арыз-муңумду гезитиңерге мурда да жарыялаган элеңер,- деди ал, көз жашын сүртүп. - Күйөөмдүн “Жылаандар канышасы” аттуу китебин кайсыл бир акмак өзүнүн менчик басмаканасынан кайра-кайра бастырып, сатып пайда көрүп жатканын мурда да айткан болчумун. Ошол көрүнүш азыр деле токтобой жатыптыр. Муну балдарым угуп, “башкача жол менен сүйлөшөбүз” деп чыгышты. Бирок, мен буга көнгөнүм жок. Курч немелер катуу айтып, кайра айыпка жыгылып калышы ыктымал да. Азыр ушундай эмеспи... Уурусу күч болсо ээсин доого жыккан заман. Андан көрө эми мыйзамдын чегинде гана чара көрүүсүн өтүнүп сотко чындап арыз менен кайрылууну чечтим. Мен ал уурунун ким экенин билем. Эми бул оюмдан кайтпаймын, жолума төшөсө да килем...

 

Негедир, сыр аяктын сыры кетсе да сыны кетпегендей келбеттүү, ажарлуу Мариям эженин сөзүн уукан соң, Чыңгыз атабыз жазган каармандардын бири Ысмайыл элестеп кетти. Мурунку Ысмайылдар менен азыркы Ысмайылдардын кандай айырмасы бар? Согуш маалындагы Ысмайыл ачка олтурган бала-чакасын оорудан, өлүмдөн сактап калыш үчүн уурулукка аргасыз барган экен. Ушул замандын “Ысмайылдарычы”? Алар ток курсагын жарылгыча чампайтыш үчүн, үйүндөгү батпаган байлыктарын ого бетер “зампайтыш” үчүн бирөөлөрдүн менчигине жыландай суук колдорун салып жатышпайбы. "Адамдын көзү топуракка гана тойот" деген сөз ушундай дүнүйөкорлордун кесепетинен чыкса керек.

 

Ырас, акыркы күндөрү чыккан китептер жакшы сатылбай калды. Мунун бир топ себептери болушу мүмкүн. Баса, раматылык жазуучу Бекмырза Рахман уулунун китеп сатуу менен тирилик кылып, эптеп балдарын багып жүргөн жубайы Паашахан Абдыразакова мени менен болгон маегинде да ушул кездеги окурмандар китеп сатып алуудан качып калгандыгын айтып кейиди. Эмне үчүн? Себеби, китеп бизнесине чыгармачылыкты түшүнбөгөн адамдар аралашып алышкан. Алар пайда көрүш үчүн өтүмдүү китептерди кайра-кайра уурулук менен чыгарышып, кээде сабатсыз жазылган китептерди да бастырышып, окурмандардын табитин бузуп жаткан болушу ыктымал. Ыя, сактап калыш үчүн эми кыргыз адабиятын да “кызыл китепке” киргизсекпи? Мен тепсендиде калып жаткан адабиятыбыз тууралуу көп эле макалаларды жаздым. Бирок, андан натыйжа чыккан жок. Кыргызстан жазуучулар союзу, жок дегенде, бир да жолу үн катып койгонго жарабады. Же бул союз жазуучулардан мүчөлүк акы алуу менен гана чектелгенби? Эми бул тууралуу Кыргыз адабиятынын ушул кездеги Шайлообек Дүйшеев, Токтосун Самүдүновго окшогон дөө-шаалары да өз ойлорун айтаар деген үмүттөмүн.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №38 (316), 19-сентябрь 2017-жыл.