Премьер-министр Сапар Исаков жакында Ош шаарына барып, эл алдында сүйлөгөн сөзү ар бир соцтармакты кыдырып, ар бир адамды бир жагынан күлдүрүп, кайра эле күйдүрүп атат.
Исаков Оштогу көпүрө тууралуу минтип айтты: “Менин кээ бир оштук туугандарым көпүрө салабыз деп. Бюджетте акча жок болгондуктан, Атамбаев Путинге барып, “Ош шаарына көпүрөлөр керек болуп атат, жардам бериңиз”,- деп жардам сураган. Путин 15 миң доллар таап берген. Аны дароо Ошко которгонбуз. Ошентип, көпүрө салынды”.
Комментарийсиз эле калтыралы. Кыскасы, окшош экен...