Президенттик шайлоо жакындап, талапкер болгон тыңчыкмалардын баары гүрү-гүү болуп жүрүшсө,  саясатчы Камчыбек Ташиевдин   кабарсыз кеткени көпчүлүктү таңыркатып атса керек. А саясатчы шайлоодон, кызык көрүнгөн бийликтен сырт эле, элдин камын ойлоп, жашоо-тиричилигинин жеңилдешине аз да болсо салым кошсомбу деп жүрөт. Кечээ, 17-сентябрда  Жалал-Абаддын Барпы айыл өкмөтүнүн Комсомол айылында эки чакырым жердин оңдолгондон кийин ачылышы болду. Ал жол Ташиевдин жеке каражатына оңдолду. Эл саясатчыны алкап, ыраазычылыгын айтып бүтө албай атат. 

 

Буга чейин Базар-Коргон районунун Бай-Мундуз айылында да бир чакырым жер оңдолуп, пайдаланууга берилген. Чаң ызгып аткан жолдордун акыбалын оңдоп, даңгыраган жолго айланткан саясатчы элди башкаруудан да, анын керегине жараган баалуу-барктуу экенин билгендей. 

 

Бийликке умтулуп отурбай эле, элге арнаган эмгегин чын ниети менен өтөй берсе болот экен го?