Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт агенттиги деген бюджеттен оңбогондой акча менен каржыланып, Кыгызстандагы жаштар саясатын жүргүзөт, келечек муунду сергек жашоого үндөйт деген максатта түзүлгөн министрлик макамына тете мамлекеттик орган бар. Тилекке каршы, андагы мамчиновниктердин, дегеле аталган структуранын жүргүзгөн саясатын өздөрү, анан айрым бир тар чөйрөдүгөлөрдөн башка эч ким деле тыңгылыктуу билишпейт. Тагыраагы, коомчулукка дээрлик жабык.
Айталы, дегенибиз, агенттиктин коомчулук үчүн эң бир башкы эсептелген байланыш, маалымат булактары саналган бөлүмдөрү, катчылыктары "кыргыз көпсө орусча сүйлөйт" болушуп маалыматтарды жалаң орус тилинде таратып келээри жанды кейитет. Аларга кызмат, акчадан, чет жерлерге тынымсыз сапарлардан да башка улуттук баалууктар бар экени кызыктырбайт. Агенттиктин эң башкы максаты - өлкөбүздүн жаштарын патриоттуулукка, сергек жашоого чакырып, алардын рухун-духун көтөрүүгө багытталганы - жетекчилигинен тарта катардагы кызматкерлерине чейин чатагы жок.
Карагыла, агенттиктиктин башкы маалымат булагы болгон sport.gov.kg сайты бар. Маалыматтарды Россия үчүн жазышабы же Кыргызстандагы калктын араң 14,34%ын (816,2 миң) өзбектер, 6,87% (375,4 миң) орустар жана дунгандар — 64 565, уйгурлар — 52 456, тажиктер — 50 174, түрктөр — 40 953, казактар — 33 701, татарлар — 28 059, азербайжандар — 18 946, корейлер — 16 807, украиндер — 14 485, немистер) түзгөн башка улуттар үчүн кызмат кылышабы, айтор, жалаң орус тилинде жазышканы такыр түшүнүксүз. Айла гана жоктуктан кайсыдыр бир иш-чара өткөндөн кийин, бир-эки айдан соң орусча жазган маалыматтарын кыргызча которумуш болуп коюшат(фото-скриншот). Түштөн кийин анын кимге кереги бар? Учурда айрым бир гана расмий тилдеги маалымат булактарын эсепке албаганда Кыргызстанда жакшыбы, жаманбы кыргыз тилдүү маалымат агенттиктери, гезит-журналдар басымдуу кылат го. Макул, калктын санын көпчүлүктү түзгөн титулдук улутту сыйлабайт экенсиңер, жок дегенде ошол маалымат булактары үчүн деле мамлекеттик тилде маалымат таратып койсоңор ал андан ары коомчулуктун кеңири катмарына тарайт го. Же бир жериңер кемип калабы? Же сөзсүз эле силердин кызмат үчүн кыргыз тилдүү басылмалар котормочу жалдашы керекпи? Акыры элдин жоңконунан айлык акы алып үй-бүлөңөрдү багып жатсаңыздар керек. Болбосо ошол эле агенттиктин директору Канат Аманкулов баш болгон катардагы кызматкерлердин дээрлиги баардыгы, биз, кечээ эле тоодон түшүп келбедик беле. Же эми эле орусча үйрөнүп алып коомчулукка "интеллигент" көрүнөйлү деген саясат барбы? Ал модадан калбадыбы. Уят, намыс деген барбы, урматтуу Жаштар саясатын жүргүзүүчү агенттегилер?!
Бүгүн, 17-сентябрдагысы
![]()
Мына, кечээ, 16-сентябрда Ашхабадда Азия оюндарынын ачылышы болуп, бүгүн, 17-сентябрда мелдештер башталды. Аталган агенттиктин сайтынан маалымат алып берели десек "Кыргызстан курама командасы Монголия менен беттешмей болду" деп тээ бир ай мурунку Астанадагы көкбөрү боюнча маалымат турат 21-августта жарыяланган боюнча. Андан бери улуттук "Манас оюндары", "Ысык-Көлдөгү эл аралык спортук оюндар" баш болгон канчалаган иш-чаралар өттү. Кыргызча ооз ачып койгонго жарашкан жок. Соцтармактагы жеке кат куржун аркылуу кайрылып да көрдүк. "Кыз боозуп энесин коркутат" болуп ошондон бери аталган сайтка кыргызча маалымат бергенин такыр токтотушту. Жооп беришкенге да жарашкан жок. Бөлгөндөй болбойлу, бирок, ошол улуттук оюндардын башка тилдүү окурмандарга канчалык кызыгы бар эле?
Дал ушул себептерден улам Ирина Карамушкинага окшогон депутаттар орус тилине мамлекеттик тил статусун берели деп жатышат. Дал ушундай мамлекеттик кызматтагы кызматкерлердин кесепетинен Максим Бакиевдин жактоочусу А.Елисеев "Кыргызстанда жашагам, бирок, менде кыргыз тилин үйрөнөйүн деген ой да болгон эмес. Анткени кереги да жок болчу. Кыргыздар өздөрүнүн тилин сыйлабайт, баары орусча" деп ачыгын айтууда.
Соцтармактагы баракчасы
![]()
Айтор, айта берсек сөз көп. Тиешелүү бийликтегилер бул боюнча чара көрөт деп ишенип туралы. Болбосо бул агенттикти бюджет эсебинен каржылоону токтотууну талап кылууга коомчулуктун акысы бар.
Анан да орусча маалыматтарды силерсиз деле толгон булактардан алынаарын унутпасаңыз, урматтуу аман болгур Аманкулов!