Бир кездери элди күлкүгө карк кылган, коомдогу терс көрүнүштөрдү сатиралык интермедиялары менен мат кылган, кээде чыдабай кетип өздөрүнө тамашаларына өздөрү каткырган  “Аралаш” театрынын түзүлгөнүнө быйыл отуз жыл болуптур. “Маараке той өткөзөсүңөрбү?”- деген суроомо, “Аралаштын” уюштуруучусу Жамбыл Камчиев: “Демөөрчү табылса...” – деп жооп берди.

  

“Аралаш” театрынын төрт куудулунун экөө азыркы кезде жер астында. Алар Манас Бердибеков, Дөөлөт Мадымаев. Ал эми Жамбыл менен Рахманга узун өмүр каалайбыз! Тирилик деген бар эмеспи. Экөө ушул кезде эки кандидаттын кетменин чаап жүрсө керек. “Театрыбыздын мааракесин белгилөө менен бирге легендарлуу досторубузду да эскерип коюшубуз керек эле”- дешсе, президенттик такты үчүн акча чачып атышкан кандидаттар аянышпастыр. Ансыз деле агитацияны жашыруун түрдө бир жыл илгери эле баштап, акчаларын сайга чачып жүргөндөрү бар эмеспи. Эгер ушундай жакшы нерселерге жумшашса, албетте, эл колдойт.  

 

 

Орозбек БӨРҮГУЛОВ ,  Булак: “Майдан. kg” гезити